Алмаз Атамбаев эки күндөн бери Түркиянын Измир шаарында ооруп жатканы тууралу маалыматтарды берип жатышкан маалымат агенттиктери Атамбаевди бирде ооруканада дарыланып жатат дешсе, бирде америкалык эл аралык мейманканалар тармагына кирген “Шератон-Чешме” 5 жылдыздуу отелинде эс алып жатат деп билдиришүүдө.
Түркиянын маалымат агенттиктери Алмаз Атамбаевди Стамбул аэропортунда самолеттон түшүрүп, “тез жардам” машинасына салып кетишкендиктерин билдиришкен. Медициналык кароодон өткөндөн кийин Атамбаев Измир курорт-шаарындагы Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасына барып орношконун жаза башташты. Мейманканын атына СПА жана Курорт деп кошо жазылыган. Измир шаары Стамбулдан 500 чакырымдай алыс турат.
Алмаз Атамбаев жана аны тейлеп жүргөн жардамчылары, жан сакчылары, ашпозчу, дарыгерлери жайгашкан Эгей деңизинин жээгиндеги Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасынан орун алуу үчүн интернет аркылуу номер заказ кылууга аракет кылсак, эң арзан номери бир сүткөгө 182 доллар, ал эми эң кымбат, пентхаус номерин 11.154. долларга сунуш кылышты. Ал номер да 4-октябрдан баштап бошойт экен. Бул бир эле суткага, ал эми президенттин басма сөз кызматы президент 1-октябрга чейин эс алышы мүмкүн деп билдирүүдө.
Төмөндө Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү жайгашкан Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасынын сүрөттөрү:
Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасы тууралу маалыматтар жана сүрөттөр мейманкананын расмий сайтынан алынды
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ