Menu

Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам берилди

Бөлүшүү:

Коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында өзгөчө абал учурунда кайдыгер эмес жарандардан жана уюмдардан Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусу

Кара Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн колдоосу менен бюджеттен  825 000 (сегиз жүз жыйырма беш жүз мин) сом бөлүндү. Бул акча каражаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн жумшалат.  Район боюнча жалпысынан  300 жаранга ун,  май,   кумшекер,  күрүч берилди.

Ноокат районунан тышта иштеп, окуп жүргөн мекендештерден 100 миң сомго чейин каражат которулду.  Чогулган каражаттын эсебинен обсервацияга алынган жарандарга шарт түзүүгө, жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө материалдык, азык-түлүк түрүндө жардам берилүүдө. Мындай жардамдар Ош облусунун башка райондорунда дагы жергиликтүү элдин демилгеси менен уюштурулууда.

Баткен облусу

Баткен облусунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр жана бейөкмөт уюмдар тарабынан гуманитардык  жардамдар берилди. Мындан тышкары күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктары жана гигиеналык каражаттар таратылды. Жарандарды массалык топтолуусуна жол бербөө максатында  азык-түлүк тизме менен үймө-үй жеткирилүүдө.

Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан Баткен облусунда жашаган, багуучусу жок, улгайган 100 адамга азык-түлүктөр берилди.

Жалал-Абад облусу

Ноокен, Кочкор-Ата, Бүргөндү аймактык ооруканаларына  2 тез жардам автоунаасы, 300 миң сом акча жана 10 миң даана бет кап,   антисептик берилди. Ошондой эле  «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан 70 миң сом жана «Панацея» медициналык  менчик клиникасы тарабынан 20 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Райондук мамлекеттик администрация башчысы тарабынан 13 миң 500 сом акчалай жардам берилди. Мындан сырткары, райондун аймагындагы мекеме ишкана жетекчилери менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, ооруктун эмгекчилерине,  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк  таратылды. Жалал-Абад шаарындагы “Келечек” ЖАКтын тарабынан  1 миллион 200 миң сом колдоо көрсөтүлдү.   Коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоо максатында  Жалал-Абад областук  биргелешкен ооруканасына  700 миң, Сузак районундагы дарыгерлер үчүн 300 миң сом бөлүнсө,  Жалал-Абад шаарындагы «Тазалык» ишканасына 200 миң сом тапшырылды.

Талас облусу

«Альянс-Алтын» ЖЧКсы тарабынан демөөрчүлүк иретинде 11000 даана медициналык бет кап, 200 даана бир жолу колдонулуучу комбинезон, 80 кол каптар, 50 литр антсептик жана 100 өтүк берилди. Аталган каражаттар  ички иштер органдарынын, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын элге кызмат көрсөткөн адистерине берилди.

Ошондой эле облус боюнча  227  аз камсыз болгон үй-бүлөгө  жана   улгайган адамдарга   ун, күрүч таркатылып берилди.

Ал эми жеке ишкерлер тарабынан  36200 даана медициналык бет кап, 800 литр антисептик, 200 кол кап, 297 бир жолку колдонулуучу комбинезон жана   көп жолку колдонулуучу 40 даана комбинезон,  40 даана дозаторлор таркатылып берилди.

Чүй облусу

Кемин районунда «Алтынкен» ЖЧКсы 25 үй-бүлөгө,  3 социалдык мекемеге эт азыктарынан жардам берди. 100 үй-бүлөгө  азык-түлүк топтому, дезинфекциялык каражаттар берилди. «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду, Улуттук Кызыл ай коому, жаштар борбору «Я волонтер Токмок», Токмок шаардын жаштары, «Божий храм» спонсор Дж.Сай Токмок шаарынын мэриясы менен биргеликте,  СКХ «Ала-Тоо» тарабынан аймактагы калктын аярлуу катмарына азык-түлүк жагынан жардам берилди. Ушундай эле иштерди жеке жактар дагы жигердүү жүргүзүүдө. Демөөрчүлөр тарабынан акча каражаты, медициналдык коргоочу каражаттар жагынан жардам көрсөтүлүүдө. Жалпысанан облус боюнча 4396 үй-бүлөгө азык-түлүк жана медициналык бет каптар таратылып берилди.

Ысык-Көл облусу

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча  4 тонна ун, 6021 л өсүмдүк майы жана кумшекер берилди. Муну менен катар медициналык коргоочу каражаттар дагы таратылууда. Гуманитардык жардам менен катар финансылык жардам дагы көрсөтүлдү. Жалпы чогулган акча 330, 2 миң сомду түзөт.

Нарын облусу

Нарын облусундагы аз камсыз болгон 500  үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Аймактагы Борбордук Азия Университети тарабынан гуманитардык жардам катарында ун, суу май, ун азыктары, антисептикалык каражаттар жана көп жолу колдонуучу бет каптар берилди. Бул жардамдар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилүүдө. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: