Кытайлык дарыгерлер таажывирустун кесепетинен улам адамдын денесинде алгачкы белгилери кандайча пайда болуп, күндөн-күнгө кандай симптомдор өнүгөрүн сүрөттөп беришти. Бул тууралуу Кытайдын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
1-4 күндөрү. Булчуңдар ооруп, кургак жөтөл, жүрөк айлануу жана диарея менен коштолушу мүмкүн болгон ысытма.
5-6 күндөрү. Оор дем алуунун башталышы.
7-күнү. Дем алуудагы көйгөйлөр күчөйт.
8-9 күндөрү. Оор инфекциясы бар пациенттерде өпкө мындан ары маанилүү органдарды кычкылтек менен камсыз кыла албайт.
10-11 күндөрү. Башка ооруларга ич оорусу кошулат.
12-күнү. Бейтаптар калыбына келе башташат, температура төмөндөйт.
17-22 күндөрү. Адам оорудан толук айыгып жана өзүнүн мурдагы абалына келет.
Айта кетчү нерсе, адамга вирус жукса дагы ага байкалбай беш же андан көп күнгө чейин жүрө бериши мүмкүн.
Булак: Business Insider
Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ