Menu

Жумгал районунда 90 жашында көзү өткөн маркум ысырапкорчулуксуз жерге берилди

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында каза болгон 90 жаштагы байбиче ысырапкорчулуксуз жерге берилди. Бул тууралуу Жумгал районунун баш имам хатиби Рустам Сейталиев билдиргенин Кыргызстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын айтымында, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну 90 жаштагы Жээнбек кызы Жумабүбү узакка созулган оорусунан улам каза болгон. Маркум кечээ көзү өтүп жакын туугандарынын гана катышуусуна жерге берилди.

«Маркумду акыркы сапарга узатууга анын жакын туугандарынын гана катышуусунда өтүп, эч кандай мал союулган жок жана дасторкон жайылбады. Эл дагы чакырылбады. Бул көрүрүнштү маркумдун жакын туугандары, балдары дагы учурдагы кырдаалды туура түшүнүп, туура кабыл алышты»,- деди Рустам Сейталиев.

Ошондой эле, Муфтияттын жана Нарын казыятынын тапшырмасына ылайык район боюнча имамдар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан коронавирусту, анын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн башкармалык тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алган. Алардын бири — адам узак оорудан, кырсыктын кесепетинен, ошондой эле карылыктан каза болсо, жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталган. Бул эреже бардык жерде сакталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: