Menu

ИИМ: 5-апрелге карата өлкөдө 99 жаран коменданттык саатты бузуп кармалышты, Жалал-Абад менен Ноокатта тартип бузуулар болгон жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-апрелге карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 99 жаран жеткирилип.

Алардын ичинен:

-Бишкек шаары боюнча – 84,

-Ош шаары боюнча – 11,

-Сузак районунда – 2,

-Кара-Суу районунда – 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди.

Ал эми Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. Жалпысынан алганда, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1866 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик кайгуул тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: