Menu

Эрдоган Евробиримдикке агылган мыйзамсыз мигранттар үчүн Түркия чек арасын ачарын эскертти

Бөлүшүү:

Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия чек араларын Европага агылган мыйзамсыз мигранттар үчүн ачышы мүмкүн деп эскертти. Бул тууралуу ал жума күнү Стамбулда билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

“Биз үч – үч жарым миллион какчынды багып аткан жападан жалгыз өлкөбүз. Силер болсо бизди сатып кеттиңер”, – деди Эрдоган.

Анын алдыңкы күнү Европарламент Анкара менен Евробиримдикке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү токтото туруу сунушун колдогон эле. Укуктук жактан аткарууга милдеттүү эмес резолюция түрк бийликтеринин мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин жүргүзүп жаткан куугунтуктоолоруна байланыштуу сунушталган.

Март айында Анкара менен Брюссел түзгөн макулдашууга ылайык, Түркия Европага умтулган мигранттарды өз аймагында кармап турмак. Бул Эгей деңизи аркылуу агылган келгиндердин санын кыйла азайтты. Түркияда 2,7 миллиондой сириялык качкын баш калкалоодо. Башка өлкөлөрдөн келген көптөгөн мигрнаттар да бул өлкө аркылуу Батыш Европага өтүүнү көздөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: