Menu

Казакстанда Борбор Азиядагы журналистиканын абалы талкууланууда

Бөлүшүү:

Борбор Азиядагы журналистиканын абалын талкуулаш үчүн Астана шаарына 200дөй адис чогулду.

7-ноябрда башталган конференцияга чөлкөмдөгү журналисттер, медиа-уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Алар журналистиканын заман талап кылган жанрларын, жаңы технология менен иштөө ыкмаларын жана коркунучтарды талкуулап жатышат.

Ар бир мамлекеттин өкүлү ийгиликтери менен өксүктөрүн ортого салып, тажрыйбасынан бөлүшкөн жыйын “Маалымат каражаттарынын Борбор Азия конференциясы. Журналистиканын келечеги” деп аталат. Аны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган. Уюм мындай конференцияны жыл сайын чөлкөмдөгү беш мамлекеттин биринде өткөрүп келатат.

Эксперттер Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ичинде Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы жана журналистиканын ролу кыйла жогору экенин белгилешет. Ага карабай “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун баяндамасында 2017-жылы Кыргызстанда да сөз эркиндиги начарлаганы айтылган. Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадырын коргоп, Башкы прокуратура журналисттерди сотко бергени жана жарандык коомго каршы куугунтук себеп катары көрсөтүлгөн.

Жылдагыдан айырмаланып, быйыл жыйынга Өзбекстан менен Түркмөнстан да жыйырмадай өкүл келди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: