Кечээ, 5-апрель күнү Казакстандын Жамбыл облусунда Кыргызстандын 4 жаранынан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыкчам штабы маалымдайт.
“Чек ара өткөрүү пункттарында күчөтүлгөн иш-чараларга байланыштуу Казакстанга келген бардык жарандар, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айдоочулары карантиндик ооруканага жаткырылды. Натыйжада 10 адамдан таажывирусу аныкталды. Алардын арасында Кыргызстандын төрт жараны жана Казакстандын алты жараны бар, алар коңшу мамлекеттен товар алып өтүшкөн” – деп айтылат маалыматта.
Алардын айтымы боюнча, алардын бардыгы ооруканага жаткырылган. Алар менен байланышта болгон адамдарды аныктоо жана изоляциялоо, бейтаптардын жашаган жеринде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ