Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан боюнча 69 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Ажбикаримов онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлардын ичинде Чүй облусундагы Кемин районунун 1 тургуну дагы бар.
Маалыматтар боюнча, Кызыл-Суу айылынын 1995-жылы туулган жигит таажывирусун жуктуруп алган. Ал 24-мартта Москвадан учуп келген. Аны айылынан 4 досу тосуп алган. Москвадан келген жигит менен апасы сасык тумоонун белгилери менен ооруканага жаткырылган. Андан кийин ал жигиттен таажывирусу аныкталган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 216 адам таажывирусун жуктуруп алган. 33 адам илдеттен айыгып, 4 жаран оорудан улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ