Menu

Видео – Ильяз Еркеев, Кара-Көл шаарынын мэри: “Мен 2010-жылдан бери саясаттамын, көп президенттер менен иштештим, Мадумаров менен “жёстко” сүйлөшүш керек”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 42 адам обсервациядан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрель күнү шаардын мэри Ильяз Еркеев билдирди.

Анын айтымы боюнча, жалпысынан 70 адам обсервацияда жатат, анын ичинен 42 жаран кечээ, 6-апрелде үйлөрүнө чыгарылган.

“Бизде таажывируска 3 адам шектелип жаткан, экөөнүн анализи терс жыйынтык менен чыкты. Бир адамдан таажывирусу аныкталып, учурда ал өзүн жакшы сезип жатат. Бардыгы менен сүйлөшүп турабыз. Негизинен, абалдары туруктуу, жакшы.” – деп билдирди шаардын мэри.

“Кара-Көл шаарына мамлекет тарабына 169 кап ун келип түшкөн. Аларды муктаж болгон үй-бүлөлөргө бердик. Андан сырткары, жергиликтүү бийлик жөн отурбай, депутаттар менен чогулуп, сүйлөшүп, бюджетибизден 500 миң сомду жардамга деп бөлүп бердик. 2-3 күндүн ичинде таркатып баштайбыз” – деп кошумчалады.

Ал ошондой эле, кайдыгер эмес адамдар жардам көрсөтөм десе, атайын эсеп ачылганын, ага өзүнүн бир айлык маянасын которгонун айтты. Учурда ал эсепте 170 миң сом чогулган.

Анын айтымы боюнча, Кара-Көл шаарында абал туруктуу.

Бирок ал оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун кечээги билдирүүсүнө каршы. “Мен 2010-жылдан бери саясаттамын, көп президенттер менен иштештим, Мадумаров бир мечит салганын көрө элекмин. Мадумаров менен “жёстко” сүйлөшүш керек”, – дейт мэр Ильяз Еркеев.

Кыргыз басылмалары буга чейин Кара-Көлдүн мэри Ильяз Еркеев шаарына 10 млн сомго мечит салганын жазып чыгышкан. Ошондой эле ал “Токтогул ГЭС каскадынын жетекчилери иш кабинеттеринде марихуана чегишет” деген билдирүүсү менен таанымал.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: