Menu

Чүй облусунда жылкы уурдап, аны сатайын деп жаткан 37 жаштагы шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Чүй облусунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июлда милицияга Беловодское айылынын тургунунан арыз түшкөн. Анын айтымында, кылмышкерлер андан айгыр уурдап кетишкен. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталган.

Москва районунун ички иштер бөлүмүнө уурдаган адам жылкыны сатууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга чейин бир нече жолу соттолгон 37 жаштагы Т.Н. кылмышка шектелип кармалган. Уурдалган бодо мал арыз ээсине кайтарылып берилген жана кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: