Учурда 1136 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр онлайн брифингде билдирди.
“Биздин мамлекет бардык ооругандарды жана алар менен байланышта болгон адамдарды обочолонтуп кармап турууга жетишип жатабыз деп айтсак болот” – деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Ал таажывирустун жаңы катталган учурлары обсервацияда жаткан адамдардан аныкталып жатканын белгиледи.
Учурда Кыргызстанда 270 адам таажывирусун жуктуруп алган, алардын ичинен 32си медициналык кызматкерлер. Вирустан арылгандардын саны – 33, оорудан улам 4 жаран каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ