Menu

Видео – Мадамин Каратаев: “Алгачкы учурда медицина кызматкерлерине коргоонуучу кийимдер жетишпей 34 медик вирусту жуктуруп алды”

Бөлүшүү:

Учурда 34 медицина кызматкерлери таажывирус илдетине кабылышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде өлкөдөгү таажывирус боюнча өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Азыркы тапта 34 медицина кызматкери тилекке каршы вирусту жуктуруп алышты. Башында каражаттар жетишпей жаткан. Бирок азыркы тапта ар тараптан жардамдар келип тийиштүү каражаттар менен камсыз болдук. Ошондой эле бет каптарды үч саат сайын алмаштырып туруш керек. Бир жолу кийиле турган атайын коргоо кийимдерин чечкенден кийин сөзсүз өрттөп салыш керек. Ал эми аймактарда муктаждык дагы деле бар, ошол жакка тийиштүү каражаттарды жеткирүүгө аракет кылып жатабыз”,- деди Каратаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: