“Биз Нарындыктар кыргыздын эң бай мультимиллионерлери биздин облусттан чыккан деп мактанабыз. Бирок битирдик жагынан да биринчи орунда турарыбызды жашырып айтпайбыз”, – деп билдирди бүгүн, 9-апрелде Нарындан Апрель баатыры, Нарынга келген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Бактыгүл Жумабаева.
“Кечээ эле Раим Матраимов Нарынга 50 тонна ун, 3 тонна суу май жардамга жеткирип, тараткандан кийин биздин мультимиллионерлер уялышат го деп ойлогонбуз. Бүткүл Кыргызстанды, алтургай СНГны арак менен суугарып, байып, биздин сыймыгыбыз болгон Шаки Абдыкеримовдон дегеле үн чыкпайт”, – деди Бактыгул Жумабаева.
“Ал эми Кыргызстандын эң бай адамы – Аскар Салымбеков бүгүн жөнөткөн жардамды алып, азыр элге тараткандан уялып олтурабыз. Карагыла: 300 адамга жардам деп, 300 пакет жөнөтүптүр, ичин ачып карасак анда: 1 кг күрүч, 1 кг сахар, 1 пачка чай, 1 кг гречка, 800 грамм суу май, 2 кг ун, 2 кг рожки бар экен. Эми муну Раим Матраимовдун жардамынан кийин элге кантип таратабыз?” – деди Бактыгул Жумабаева.
“Өткөндө, Ага хан фонду 5 кг ун, 5 кг рожки, 1 литрден суу май, 1 литрден антисептик, 2 пачкадан беткап тараткан. Аскар Салымбеков эми ушуларчалык да жокпу? Тигине Дастан Жумабеков Таласка 150 тонна ун таратыптыр, Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжага 200 тонна ун, 20 тонна май таратыптыр. Ошондо Аскар Салымбеков бүтүндөй Нарын облусуна 600 кг ун жөнөткөн турбайбы… ” – деди Бактыгул Жумабаева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ