Таажывирусуна чалдыккан 87 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кабарлады.
“Тилекке каршы, Ноокат райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 87 жаштагы адам каза тапты. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүмдүн жана саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан маркумдун туугандарына, бала-бакырасына көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Кыргызстанда жалпысынан 280 адамдан таажывирусу аныкталган, 5 адам илдеттен улам көз жумду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ