Menu

Видео – Жалал-Абад ОИИБи: Соц.тармакта «кыргызстан сасык» деген жаран боюнча билдирет

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-апрель күнү «Аргумент КЖ» сайтында жана вотсап түйүндөрүндө белгисиз аял киши «Кыргызстан жан анда жашаган кыргыздар сасыктар, карантин бүтсө мен кыргызстандан кетемин» деген жаман сөздөр менен коштолгон видео тараган. Коп өтпөй ошол эле аял киши анын баракчасына жазылган комментарийлерге «мени менен ишиңер болбосун жана силер да өз ишинерди кылгыла» деген сыяктуу кайрылуу жасаган. Аталган видео соц.түйүндө инстаграмм жана фейсбук колдонуучулардын арасында терс пикирлерди жана толкундоолорду жараткан.

Ал эми 2020-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү жана жашаган дареги аныкталып, мыйзам чегинде чара көрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ШИИБге алынып келинип, бул видео факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын ЖКнин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну 1996-ж.т. К.М. өзүнүн видесу боюнча туура эмес кылгандыгын түшүнүп, кечирим сураган жана өкүнүп, мыйзам алдында жооп берерин билдирип кайрылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

45 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: