15-апрелден тартып Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунуна өзгөчө абал режими жана коменданттык саат кирди. Өткөн сутка ичинде, 21:00дөн 6:00гө чейин Нарын шаарында коменданттык сааттын эрежесин 8 жаран бузган. Ал эми Ат-Башы районунда тартип бузгандар болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн брифинге билдирди.
Анын айтымы боюнча, кармалган 8 жарандын 6сы мас абалында болгон.
“Мыйзамга ылайык, протокол толтурулуп, 6 жаран коомдук жайларда мас абалында жүргөндүгү үчүн 5500 сомдон айып пулдар салынды” – деп билдирди комендант.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ