Menu

Кыргызстанда абактагы 1000ден ашык адамга мунапыс берүү сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата түрмөдө отургандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылышты.

Ага ылайык, 60 жаштан ашкан эркектерге, 55 жаштан ашкан аялдарга, I жана II топтогу майыптарга, 18 жашка чыга элек экиден кем эмес балдары же I, II топтогу майып балдары бар адамдарга мунапыс жарыялоо жана коркунучу азыраак кылмыштарды биринчи жолу кылгандарды абактан бошотуу каралган.

«Кыргызстанда 9 500дөн ашык соттолгон адам бар. Баш-аягы 1202 киши абактан бошойт», – деди мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мирлан Бакиров.

Түрмөдөгүлөргө мунапыс берчү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: