Menu

Депутаттар валюта рыногун көзөмөлдөө максатында акча алмаштыруу бюролорун жабууну сунуш кылышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу – Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искендер Гаипкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев – өлкөнүн валюта рыногуна көзөмөлдү күчөтүү үчүн, Кыргызстандагы алмашуу бюролорун жабууну сунуш кылышат. Депутаттар тарабынан иштелип чыккан түзөтүүлөр парламенттин сайтында коомдук пикирге жарыяланган.

Авторлор 2014-жылдын башында Улуттук банк алмашуу бюролоруна 1215 текшерүү жүргүзгөндүгүн белгилеп, натыйжада, кардарларды идентификациялоонун жоктугу жана валюта алмаштыруу менен байланышкан бүтүмдөрдүн чыныгы көлөмү жашырылгандыгы аныкталган.

“Алмашуу бюролорунун жүгүртмө каражаттарынын иш жүзүндөгү көлөмү отчетто чагылдырылгандан он эсе көп болушу мүмкүн, башкача айтканда, мындай көмүскө жүгүртүүдөн түшкөн киреше болжолдонгон кирешелерден жана салык органдарына тиешелүү чегерүүлөрдөн он эсе көп болушу мүмкүн”, – деп белгилешет авторлор.

Алмашуу бюролору тарабынан түзүлгөн жана кызып турган нак чет өлкө валюталары рыногундагы толкундануу калк арасында жана бизнес түзүмдөрүндө жасалма девальвация күтүүлөрүн түзүүдө. Натыйжада, активдерди улуттук валютадан чет өлкөгө өткөрүп берүүнү активдештирүү башталды. Бул, өз кезегинде, алмашуу курсуна мурдагыдан да көбүрөөк басым жасоого, сомдун нарксызданышы ылдамдыгына жана импорттолуучу инфляциянын өсүшүнө алып келет.

Эл депутаттарынын айтымында, коронавирус пандемиясынын алдында алмашуу бюролору доллардын негизсиз курсун орнотуп, “жасалма толкунданууну” жаратышкан.

Мунун бардыгы ушул рыноктун катышуучуларын катуу көзөмөлгө алуу гана эмес, ошондой эле алмашуу бюролорунун ишин токтотуу керектигин аныктайт.

Накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугу төмөнкүлөрдө гана калтырууга сунушталууда:

– банктарга;

– кредиттик союздар;

– ушул операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору өз мезгилинин рухуна шайкеш келет, валюта рыногунда ыкчам чечимдер керек. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, коммерциялык банктар жана башка кредиттик уюмдар алмашуу операциялары менен алектениши керек.

Кыргызстанда алмашуу операциялары 1990-жылдардын башында, эгемендик жарыялангандан жана өзүнүн улуттук валютасын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин пайда болгон. Чарбалык субъекттер чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу учурунда келип чыккан курстук айырмачылыктардан киреше алышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: