Menu

Министр Чынгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Д.Хейл менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:
Бүгүн, 17-апрелдин кечинде КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча Орунбасары Д.Хейл менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылып жаткан шарттарында кызматташуу маселелери талкууланды.
Министр Ч.Айдарбеков тарабынан АКШдагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелерин, анын ичинде, мектеп окуучулары менен студенттердин денсоолугун коргоо үчүн шарттарды түзүү маселесин, визалардын колдонуу мөөнөтүн кайтарымсыз негизде узартууга америка тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо суранычы билдирилди.
COVID-19 вирусунун жайылышына каршы турууда Кыргызстанга USAID линиясы боюнча көрсөтүлгөн жана күтүлгөн жардамдар позитивдүү өңүттө белгиленди.
Эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы түз байланыштарды жөнгө салуу зарылчылыгына көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн туруктуу жумушчу байланыштарды камсыздоону улантышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: