Бүгүн, 18-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
-Эмне үчүн түндүктүн врачтарын түштүккө жөнөтүп жатышат? Алгач ыктычрчыларды жөнөтүп жатышкан. Азыр болсо эки аймакта тең абал окшош болуп баратат. Эмне үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги түштүктүн эле врачтарынын толук потенциалын пайдаланбайт? Ал жакта медиктеринин бир тобун эмгек өргүүсүнө айдап жиберишиптир, эми үйлөрүндө олтурушат. Түштүктө өзүнүн реаниматологдору, пульмонологдору бар, эмне аларга ишенишпейби?
-Бул жерде маселени башка өңүттөн караш керек, анткени коронавирус алгач түштүк аймактарга келди. Анан ал жактын саламаттыкты сактоо боюнча координаторлору тарабынан эмгек өргүүсүндөгү керектүү врачтар чакырып алынган, алардын баары иштеп жатышат. Коронавирус көбөйө баштаганда биздин министрлик кошумча бригадаларды түзүп, жардамга жөнөттүк. Азыр Бишкектен башка баардык коронавирус чыккан райондорго күндө адистерди жөнөтүп жатабыз.
-Ушул кезге чейин түштүккө канча врач кетти?
-Түштүккө канча кетти азыр санын айта албайм. Күндө Ат-Башы, Жумгал, Нарын, ошондой эле түштүккө да жөнөтүп жатабыз…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ