Menu

Дүкөнчүлөрдү тапанча менен коркутуп акча уурдаган балдар кармалды

Бөлүшүү:

Ош шаарында каракчылык менен алектенгендер кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 9-январга караган түнү болжол менен саат 00:20 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жайгашкан «Мир Замир» дүкѳнүнѳ медициналык бет капчан белгисиз эки жаран кирип келишип, биринчиси сатуучу аялдын башына тапанча такап, экинчиси бычак менен коркутуп, 6000 сомго жакын акчасын жана сатуучунун уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып качып кетишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү жарандар кармалышкан.

Алар, Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган М. уулу А. жана Талас облусунун 1996-жылы туулган М.М. аттуу тургундары болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жасаган кылмыштарын мойундарына алышкан. Ѳздүк кароо жүргүзүү учурунда алардын жанынан сатуучунун уюлдук телефону, «МП-654К» үлгүсүндѳгү газ тапанчасы, эки медициналык бет кап, бычак жана сатуучудан алган акчанын аз бѳлүгү табылган. Учурда алынган буюмдар далил катары тиешелүү экспертизага жѳнѳтүлдү.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары кармалган жарандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: