Бишкек Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айгүл Бейшеналиева өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Айгүл Бейшеналиева арызын 16-апрелде жазган. Анын ордуна милдеттерди Улан Кундашев аткарат.
Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 28 кызматкери коронавирустук инфекцияны жуктурганын кабарлаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ