Кечээ, 17-апрелде Бакиев заманында, 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргызстандын Ички иштер министри кызматын өтөгөн Молдомуса Конгайтиев, Генпрокурор кызматын аркалаган Нурлан Турсункулов менен 7-апрелдеги куралдуу төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын маданият министри кызматын ээлеген, сөөгү да, эти да Атамбаевчил, КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков бир дасторкондо чоогу эс алып, артисттердин ырын маашырлана угуп олтурган тасма тарады.
Бул факт Кыргызстанда төңкөрүштөр регионалдык денгээлде ой жүгүрткөн саясатчылардын бийлик менен байлык талашканынан улам гана келип чыгарын, эч кандай принциптер, саясый-экономикалык идеологиялардын кагылышуулары, таймашуулары жоктугун дагы бир жолу далилдейт.
Эске сала кетсек, экс-министр Молдомуса Конгайтиевди былтыр сот актап, чечим чыгарганда КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков парламентте сотту сатылды деп тилдеп, кыйкырып жатпады беле…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ