13-апрелде Украиналык блогер Андрей Полтаванын Ютубканалындагы “Вата шоу” берүүсүнүн түз эфирине чыккан кыргыз жигит өзүн кыргыз эмес орус экенин далилдөөгө аракет кылды.
-Улутуң ким? – деди алып баруучу ал жигиттен.
-Орусмун, – деп жооп берди.
-Оруска окшош эмессиң го, балким хакас болсоң керек?
-Жок мен орусмун, – деп көшөрдү.
-Макул, анда суроону башкача берейин, сен кайсы жерде туулгансын?
-Мен Кыргызстанда туулуп, өскөм, азыр Россиядамын, бирок өзүмдү орус сеземин.
-Кыргызча билесинби?
-Билем.
-Азыр Россиянын кайсы жеринде турасын?
-Айтпайм. Түндүк тарабында…
-Манкурт деген эмне экенин билесизби?
-Билем…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ