Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, өрттү өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бригадасы тартылган.
Түндө, Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Муром көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 150 чарчы метр болгон “Дом шашлыка” кафеси өрттөндү.
Ошондой эле, Кызыл-Кыя көчөсүндө сарайдын жана мончонун чатыры (аянты 450 кв.м.) күйүп кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ