Menu

Кубаныч Кадыров, экс-депутат: “Атамбаевдин митингде сүйлөгөн сөзү – чыккынчылыкка барабар!”

Бөлүшүү:

– Кубаныч мырза, Алмазбек Атамбаев КСДПнын митингинде саясий куугунтук токтобосо, Сооронбәй Жээнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштай турганын билдирди. Ал бул кадамга өзүн сактоонун аракетинде барып жатабы же президентке ачык согуш жарыялаганыбы?

– Чынын айтканда, Атамбаев кеп кылып, ал сүрөттөп жаткандай саясий куугунтук болуп жаткан жок. Ал “саясий куугунтукка кабылды” деп коррупцияга шектелип, камалгандарды айтып жаткандай. Саясий куугунтук болуш үчүн Атамбаев Сооронбай Шариповичке оппонент болуп, бийликтин кемчиликтерин айтканы үчүн жок жерден, болбогон шылтоо менен камалышы керек болчу. Чынында булар премьер-министр, министр, мэр болуп иштеп турганда катачылыкка жол бергени үчүн, коррупциялык схемаларды ишке ашырганы үчүн камалды. Ошон үчүн аларды саясий куугунтукка кабылган адам катары карабай деле койсок болот.

Атамбаев өзүнө келаткан соккудан сактануу үчүн жан талашып, камакка алынгандарды бетине кармап, 8-июнда коррупцияга каршы митингге чыкты. Бирок, ал канчалык жан талашып, чабуулду катуулатса да, Батукаев жана Дача СУдагы чулгандуу иштери ачыкка чыга баштады. Элге шерменде болбоюн деген максатта элди башка нукка буруу аракетин баштады. Бирок, ал кандай айла кылса да, канчалык кардуу көрүнөм деп акылга сыйбаган сөздөрдү айтса да, анын колунан эч нерсе келбейт. Анткени, биз Атамбаевге мамлекетти ызы-чууга салуусуна жол бербейбиз. Ошондой эле туура эмес чечим чыгарып, катачылыкка жол берген сотторду жазалай баштаган Сооронбай Шариповичти колдойбуз. Ал сөзүнө туруп, коррупция менен күрөштү баштады.

– Бирок Атамбаев күч келсе болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланаарын жашырган жок го?

– Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталганы турат, Кыргызстанга 15тен ашык мамлекеттин президенттери, премьер-министрлери келип, маанилүү делген, келечекте жемишин бере турган келишимдерге кол коюлар маалда Атамбаевдин митинг уюштуруп алып, бийликке нааразычылыгын айтып жатканы элге жакшылык ойлобогондугу десек болот. Ошондой эле Атамбаевдин митингде сүйлөгөн сөзүн чыккынчылыкка барабар иш катары бааласак болот. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, элдер мына каражат табабыз деп турганда митингдерди баштап жатат.

– Сооронбай Шарипович Атамбаевдин “зоотехник” дегенине арданыш керекпи же кубанышы керекпи?

– Зоотехник деген жакшы кесип. Кыргыз мамлекети агрардык мамлекетпиз. Союз мезгилинде мамлекетти башкаргандын 80 пайызы агрардык институтунан билим алгандар болчу. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматов деле зоо инженер болгон. Сооронбай Шариповичти ал, бул деп шылдыңдап кемсинткенибиз туура болбой калат. Анткени, ал мамлекеттик кызматтагы бардык тепкичтерди басып өткөн. Тажрыйбасы да, билими да жетиштүү. Атамбаевге караганда элге жакын, чарбаны түшүнөт. Атамбаев башкарганда Москвадан бүтүп келип, билимдүү болгонун артыкчылыгын деле байкаган жокпуз. Тескерисинче, мамлекетти талап, тоногонго жол берди. Туура эмес саясат жүргүзүп, мамлекетти сызга отургузду. Коррупциялык мамлекет кылды. Дүйнө жүзүнө кыргыз элин уят кылып, Батукаевди чыгарып жиберди. Анын кесепетинен Кыргызстанга инвесторлор келбей калды. Туристтер “Кыргызстан криминал менен байланышкан мамлекет экен”- деп кооптонуп калышты. Кыскасы, Батукаевдин чыгарылышы мамлекетке чоң сокку болду. Дүйнөлүк аренада кадыр-баркыбызды түшүрдү.

– Батукаевди чыгарды деген айып менен Аида Салянова, Шамил Атаханов жана дарыгерлердин камакка алынышы мыйзамсыз ишке чекит коюнун аракетиби же өч алуунун маданияттуу жолубу?

– Батукаевди коё берген иштин башында Атамбаевдин турганы бештен белгилүү болчу. Ошон үчүн Батукаевдин соту бир күндө болуп, бир күндө паспорт жасалып, ошол күнү кызыл килем менен чартердик рейс аркылуу учуруп жиберишкен. Буюрса, жакынкы күндөрү Батукаевди Кыргызстандан чыгарып берүү кимдер аркылуу жана кандай болгону ачыкка чыгат. Ошон үчүн мыйзамсыз иштерге бөгөт коюну максат кылганы үчүн президенттин бул аракетин өч алуу деп жоорубай деле койсок болот.

– Неге Атамбаев радикалдуу кадамдарга барууга аргасыз болуп жатат?

– Атамбаевдин Дача-СУ, Батукаев жана түндүк-түштүк альтернативалык жолу, Датка Кемин ГЭСи боюнча чуулгандуу иштери, афёрасы ачыкка чыгат. Дүйнө жүзүнө коррупционер президент катары атагы чыгып, уят болот. Мына ошону чыгарбай, элдин маанайын башка нукка бурууну максат кылып, митингдерди уюштура баштады.

– Атамбаевдин “Раим-миллионду” “билбей туруп, кызматка көтөргөм” дегенине ишенсек болобу?

– Матраимовду Атамбаев өзү Бажынын биринчи орун басарына чейин көтөргөн. Эми калп эле актанып, аны бир эле жолу көргөм деп жатат. Бирок, мен анын айткандарына анчалык ишенбейм. Анткени, мен Атамбаевди жакшы билем. Ал каратып туруп калп айтып, элдин башын айлантып койгон жөндөмгө ээ. Башкача айтканда, элдин башын айланткандын устасы.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: