Menu

Ферганада соттолуучунун өлүмүнө шектелип тергөө абактын жетекчиси кармалды

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Өзбекстан районунда тергөө абагынын жетекчиси менен бир кызматкери «бейбаштыкка» айыпталып кармалган жарандын өлүмүнө шектелип камакка алынды. Бул тууралуу облустук прокуратура өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, абак кызматкерлери «Адам өлтүрүү» жана «Адамдын денесине зыян келтирүү» беренелери боюнча айыпталып жатышат.

Буга чейин 61 жаштагы жергиликтүү айдоочу Абдураззак Кадыров тергөө абагынан чыккандан көп өтпөй өз үйүндө каза болгону кабарланган. Туугандары ал абакта катуу сабалганын айтышкан. «Агамды Өзбекстан райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери 18-сентябрда кечки саат ондо үйгө алып келишкен. Анын абалы өтө оор болчу. Милиционерлер кеткенден көп өтпөй агам каза болуп калды. Тергөө абагында аны мал уурулукту мойнуна алдыруу үчүн сабашкан», — деди Кадыровдун бир тууганы.

Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза Кадыровдун кабыргалары сынып, көптөгөн шишиктер бар экенин ырастаган.

Бешарык райондук сотунун катчысы билдиргендей, Абдураззак Кадыров 11-сентябрда «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 суткага камакка алынган. Ошол эле күнү ал Өзбекстан райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына жеткирилген.

Тергөө абагынын өкүлү Кадыров сегиз сутка кармалгандан кийин ден соолугуна байланышуу үйүнө жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал Кадыровго карата эч кандай кыйноо болбогонун кошумчалады.

Бирок райондук прокуратуранын өкүлү тергөө абагында Кадыров катуу сабалганын, бир нече жолу эс-учун жоготуп, тез жардам кызматы чакырылганын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: