Menu

Асылбекти түз кароого Фариддин духу жетпейби?

Бөлүшүү:

КСДПнын съезди табышмак болуп жаткан бүдөмүк ойлорго чекит коюп, эки достун достук мамилесине чекит коюлганын ачыктады. Бирок партия мүчөлөрү жыйналган жерге КСДПны түштүктө тааныткан, арка-бел болуп бекем туруп берген Асылбек Жээнбеков менен өткөн шайлоодо 45 миң добуш алып берген Искендер Матраимов чакырылбады. Бул экөө чакырылбай калып барбаса, КСДПнын Төрөбай Зулпукаров, Кожобек Рыспаев баштаган 4–5 депутаты чакырылса да бут басып барышкан жок. Искендерди бир тууганына шылтоолоп чакырбаса, Асылбекти эмне себептен чакырбай койгондугуна бирөө да тастыктаган жооп айта албады. Болгону Фарид Ниязов кечинде Асылбектин телефонуна “Сиз тизмеге кирбей калдыңыз…” деп СМС ыргытып тим болуптур. Телефон чалып, эмне себептен тизмеге кирбей калганын ачык айткандан корксо керек. КСДПнын идеологу делген Ниязов Асылбекке телефон чалып ачыгын айткандан чоочуп жатса, бетме-бет келип калганда эс-учун жоготуп коёбу? Ушундай адамдар менен Атамбаев саясий айдыңды кайрадан ээлейм десе, терең жаңылышат го…

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: