Өткөн сутка ичинде коронавиурстан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, Чүй облусунда 70 жаштан ашып калган аял жана Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши оорудан улам каза болгон.
“Алар медициналык жардамга кеч, өнөкөт оорулары күчөп турган кезде кайрылган экен. Толук медициналык жардам берип, аман алып калганга жетише албай калдык” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
“Ош шаарындагы каза болгон бейтап ооруканада дарыланып жаткан. Бирок, өнөкөт оорулары бар болгондуктан, биздин дарылоодон жыйынтык чыкпай, каза болуп калды” – деп кошумчалады министрдин орун басары.
Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 7 адам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ