Казакстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Скрябин мөңгүсүндө жабыркаган туристтер үчүн куткаруучулар менен бирге тик учак жөнөтүлгөнүн кабарлады.
«31-июлда таңкы саат 6:58де куткаруучулар “Казавиаспас” учагы менен Скрябин мөңгүсү жайгашкан аймакка учуп кетишти. Алдын ала маалыматтар боюнча деңиз деңгээлинен 4 100 метр бийиктикте туристтерге тоодон таштар кулаган», – деди комитеттин расмий өкүлү Руслан Иманкулов.
Иманкуловдун маалыматы боюнча куткаруучулар тобу тогуз кишиден турат, алардын арасында кинологдор да бар.
30-июлда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таш кулап, казакстандык бир турист каза болгон. Жети киши жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматка караганда, туристтердин төртөө Казакстандын, төртөө Орусиянын жарандары болгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ