Menu

Дарыгерлердин кайрылууларын кабыл алуу үчүн онлайн-ресурс ишке кирди

Бөлүшүү:

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн онлайн-ресурс ишке кирди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, медиктер аталган портал аркылуу саламаттык сактоо мекемелерин жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылууга билдирме жөнөтүп, өткөрмө, тамак-аш, эмгек акы өңдүү жумушундагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берип турушат.

http://med.tunduk.kg дареги боюнча жөнөтүлө турган ар бир билдирме өзүнчө каралат. Анда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү мөөнөтүн ыкчам штаб аныктайт.

19-апрелге карата өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 554кө жетти, алардын 154ү медицина кызматкерлери.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: