Кыргызгидромет аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу шашылыш билдирүү таратып, аймактарда жаан жаап, арты карга айланып, үшүк жүрөрүн билдирди.
Алардын айтымында, 29-30-сентябрда аба ырайы өзгөрүп, суук түшүп, көп жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап турат. Жети облустун айрым жерлеринде жаан жаап, арты карга айланат. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, мал кармоону кыйындатып, жол кыймылын, байланыш, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырары айтылып, сак болууну эскертти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ