Бүгүн, 20-апрелде КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков ал Бакиев режиминин генералдары Молдомуса Коңгайтиев жана Нурлан Турсункулов менен бир дасторкондо олтуруп чай ичип, эс алганы үчүн аны сойку атаган атамбаевчил Сыргак Абдылдаев менен өзүн буйрутма берип эки жүздүү деп каралатып жаткан бийликке каяша жообун берди. Мунун баарын өкмөт уюштуруп жатат деп айыптады. “Момбеков эки жүздүү, билимсиз деп каралатып жатышат” дейт.
“Мен Бакиевдин генералдары Молдомуса Коңгайтиев жана Нурлан Турсункуловдор менен бирге олтуруп чай ичкениме сыймыктанам. Анткени милиция кызматкерлеринен азыр сурасаң да эң мыкты министр болгон деп Молдомуса Коңгайтиевди айтышат. Прокурорлор Нурлан Турсункуловду жакшы иштеген деп макташат. Керек болсо 2017-жылы Алмаз Атамбаев Молдомуса Коңгайтиевди өзүнө чакырып, сыйлап белек берген, эгер мен эки жүздүү болсом анда Атамбаев да эки жүздүү турбайбы…”, – деп ачууланды депутат Момбеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ