Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 22 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын арасында 7 медицина кызматкери бар. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өкмөттүк брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, вирус жуктурган дарыгерлер:
– Бишкек шаарында — 3 адам;
– Ош облусунда — 2 адам;
– Ош шаарында — 2 адам.
Үсөнбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө 42 дарыгер, 61 орто медкызматкерлер, 24 кенже медкызматкерлер жана 20га жакын башка медициналык мекемелердин кызматкерлери ооруп калышты.
Ал эми дарыгерлердин ичинен 13 адам коронавирустан айыгып чыгышкан:
– Дарыгерлер- 6 адам;
– Орто медкызматкерлер- 5 адам;
– Ал эми башка кызматкерлер- 2 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ