Кечээ, 20-апрелде Бишкек шаарынын 12-кичирайонунун аймагында, Аламүдүн суусунан 35-40 жаштардагы азиат улутундагы эркек кишинин сөөгү табылган.
Ал жерге ӨКМдин 5 куткаруучусу барып, адамдын денесин суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы журналисттерге билдиргендей, Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ