“Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясы 2017-жылдын 13-ноябрында кезексиз жыйын өткөргөндүгү тууралуу аталган фракциянын катчылыгы билдирет. Кезексиз жыйында фракция лидери Өмүрбек Бабановдун өз ыктыяры менен фракция лидерлигинен баш тарткандыгы тууралуу жазган арызы каралган. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Жыйынтыгында Өмүрбек Бабановдун өз ыктыяры менен “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын лидери кызматынан баш тарткандыгы тууралуу жазган арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ