Menu

ИИМ: Батирде өз баласын уруп-сабаган кыргыз жаранына каршы Россиянын полициясы кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

17-апрель күнү Кыргызстандын жарандарынын арасында «WhatsApp» мессенджеринде жана «Facebook, Instagram» социалдык тармактарда Москвада Кыргыз Республикасынын жараны өз батиринде өзүнүн жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан. Бул тууралу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, водеодогу адамдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды. Ошондой эле, иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен кошо 2019-жылы 16-октябрында Россия Федерциясына учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФдин мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.
Кыргыз Республикасынын жараны 1985-жылы туулган Ж.Э. карата Москва шаарынын Кунцево району боюнча Тергөө комитети тарабынан РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен Ж.Э. 2 айга камакка алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: