“Бизге Польшадан жана Кытайдан дарыгерлер гуманитардык кызматташуунун алкагында жардамга келишти. Алардын Уханда, Италияда жана Испанияда иштеген тажрыйбалары бар” – деп билдирди бүгүн, 21-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүк онлайн брифингде.
“Тагыраак айтсак, Кытайдан 10 адам: 6 дарыгер, 3 орто медициналык персонал, 1 миссиянын башчысы. Ал эми Польшадан 11 адам: 9 дарыгер, 2 ктормочу келди. Кытайдан келген дарыгерлер көбүнчө Бишкек шаарындагы ооруканаларда, лабораторияларда жана медицина кызматкерлерине ар кандай окутуу иштерин жүргүзүү максатын көздөшөт. Ал эми аймактардагы медициналык кызматкерлерге онлайн байланыш аркылуу консультация, окутуу иштерин жүргүзүшөт. Ал эми Польшадан келген медициналык топ Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында биздин медициналык кызматкерлерибиз менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тажрыйба алмашат” – деп билдирди Аида Исмаилова.
Ал ошондой эле, Кытайдан жана Польшадан келген медициналык топтун вирусту аныктоодогу жана дарылоодогу, ошондой эле лабораториялардын ишин уюштуруудагы тажрыйбасы маанилүү экенин белгилеп өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ