Акыркы сутка ичинде 38 адам коронавирус илдетинен айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаары- 7 адам;
– Ош облусу – 25 адам;
– Баткен облусу – 3 адам (Баткен району – 1, Кызыл-Кыя шаары – 2);
– Нарын облусу – 2 адам;
– Ош шаары – 1 адам.
Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 254 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ