Бүгүн, 23-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин айрым сурооооооолоруна жооп берди.
-Мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөө боюнча айттыңыз, эгер андай бейтап уюлдук телефонун үйүнө таштап, көчөгө чыгып кетсе адистер үйүндө олтурат деп ойлойт да. Бул учурда силер кандай чараларды көрөсүңөр?
-Бул тиркемелердин баары өз ыктыяры менен макул болгон бейтаптарга коюлат. Күчкө салып коюуга шарт жок, мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн өз ыктыяры менен келип, тийиштүү кагаздарга кол коюлат. Анткени ал бейтап үй шартындагы карантинди буза турган болсо ал жерде эмне коркунуч алып келерин, элге кандай түйшүк саларын так көрсөтүлгөн. Анан ошол милдеттенмелерге кол коюп берет. Ошон үчүн ал бейтап жоопкерчиликти сезет. Андай учурда административдик чаралар колдонулат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ