Сириянын түндүгүндө соңку жумада эле “Ислам мамлекети” тобунун 38 куралчан экстремисти өлтүрүлдү.
Бул тууралуу кабарлаган аскер булактардын айтымында, Түркия колдогон сириялык көтөрүшчүлөр менен жихадчылар кармашкан аймактарда согуштук аракеттер күчөдү.
Reuters агенттигин билдиришинче, түрк танктарынын жана авиациясынын жардамы менен сириялык көтөрүшчүлөр Дабик шаарына жакындап калышты. Калаа жихадчылардын көзөмөлүндө. Түркия менен чектеш райондордо “Ислам мамлекети” тобуна каршы операция быйыл августта башталган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ