Menu

Стамбулдан учуп келген 1 жүргүнчүдөн коронавирус аныкталып, ал менен байланышта болгон адам обсервацияга жаткырылды

Бөлүшүү:

17-апрелде Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн арасында ПЧР диагностикалык жыйынтыктарына ылайык, бирөөсүндө коронавирус табылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде коронавируска каршы күрөшүү боюнса ремпубликалык штаб билдирди.

Алардын айтымы боюнча, коронавирус аныкталган бейтап менен байланышта болгон адам обсервацияда жатат. Калган жүргүнчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, биринчи терс ПЦР анализинен кийин үй карантинине жөнөтүлгөн.

Республикалык штаба билдиргендей, учуп келген учурда бардыгы үй карантиндин шарттары көрсөтүлгөн сурамжылоо толтурат, эгер алар жок болсо, жарандар 14 күнгө обсервацияга жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Стамбулдан Бишкекке 200дөн ашуун жаран чартердик рейс менен учуп келип, дароо обсервацияга алынган. Андан кийин ПЧР тесттердин терс жыйынтыктары чыккандан кийин үй карантинине чыгарылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: