Menu

Фото – Базар-Коргон районунун милициясы жарандарды беткабы жок көчөдө жүрбөөгө чакырууда

Бөлүшүү:

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери коронавирус илдетинин алдын алуу багытында бир топ жумуштарды алып барууда. Атап айтсак, санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, район аймагына жөнү жок кирип-чыгууларды болтурбоо үчүн кызматкерлер күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Ар бир унаа, ар бир атуул тыкыр көзөмөлгө алынып, себепсиз көчөгө чыккандар артка кайтарылып жатат. Маанилүү жумуштары менен бараткандардын унаалары дезинфекцияланып өткөрүлүүдө.
Ошондой эле алыскы тоолуу аймактарга чейин барышып, азыркы кырдаал тууралуу маалыматтар жеткирилүүдө. Беткабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилип, жеке гигиена эрежелерин сактоо менен жугуштуу илдеттин алдын алууга чакырышууда. Жергиликтүү тургундарга жөнү жок көчөгө чыкпай, муктаждык жаралган учурларда ооруканага, дарыканага, азык-түлүк үчүн дүкөндөргө барууга боло тургандыгы айтылууда.

     

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: