Бишкек шаардык соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун адвокаттарынын кайрылуусун караган сот отурумун белгиледи. Бул тууралуу шаардык сот журналисттерге билдирген.
Процесс 10-майда улантылат. Соттолуучу өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдөө максатында сот отурумуна катышуу ниетин билдирди.
Икрамжан Илмиянов Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2017-жылдагы президенттик шайлоодо “Дизель коплект” ЖЧКдан сыйлык жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган деп айыпталган. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жети жылга кесилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ