Азыркы учурда Кыргызстанга Россиядан, Европадан, Азиядан, Афикадан жана АКШдан 4 миңден ашык жаран кайтып келүүнү каалап жатышат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб маалымдайт.
Ошол эле учурда, бул жарандардын көпчүлүгү Россияда, алар чек аралардын жабылышына байланыштуу жокко чыгарылган рейстерге авиабилеттерди сатып алышкан.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустун жайылуусунун башталышынан тартып, Кыргызстанга 6767 жаран кайтып келген, алардын көпчүлүгү Россиядан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ