Польшадан келген медициналык адистер Бишкекте ишин аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Алар төрт күн бою Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында болушуп, медициналык мекеменин адистери менен биргеликте бейтаптарды көзөмөлдөп турушту. Бүгүн команда Ош жана Жалал-Абад шаарларын кыдырат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга сегиз адис 19-апрелде келген. Польшалык дарыгерлер кыргыз кесиптештерине коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө жардам берүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ