Menu

Бүгүн Түркиядан 351 жаран чартердик рейс менен Бишкекке учуп келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-апрель күнү “Манас” эл аралык аэропорту “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Алардын айтымы боюнча, Стамбул шаарынан Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туруктуу каттамдар жокко чыгарылгандан бери учууну күтүп жаткан 351 жаран учуп келди.

“Бул каттамды ишке ашыруу 10-апрелдеги видеосаммиттин жүрүшүндөгү Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты. Саммиттин учурунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн Уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргыз жарандарын чет өлкөдөн мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: