Menu

Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева фонд түзүп, алгачкы ишин муктаж болгон 5 миң аялга жардам берүү менен баштады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда “Zamin” фонду президент Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироат Мирзиёеванын жетектөөсү менен иштей баштады.

Бул фонд өз ишин 5 миң аялга материалдык жардам көрсөтүү менен баштаган, деп билдирет Podrobno.uz.

“Zamin” узак мөөнөттүү, стратегиялык маанилүү жана туруктуу долбоорлорго басым жасоо менен негизделген. Фонддун каражаттарынын негизги булактары болуп жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулуктары, ошондой эле эл аралык уюмдардын гранттары саналат.

Тактап айтканда, фонд айлана-чөйрөнү коргоо, угуусу начар балдардын билимин өркүндөтүү, социалдык чөйрөдө инновациялык технологияларды киргизүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат. Бирок учурдагы жагдайлар өз эрежелерин талап кылат.

“Азыр жардам берүү канчалык маанилүү жана өз убагында экендигин түшүнүп, фонддун ишкерлери жакшы иш-аракеттерге өз салымын кошууну чечишти. Ошентип, долбоорлорго тартылган каражат оор кырдаалга кабылган аялдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоого багытталды. Беш миллиард суммадагы кайрымдуулук каражаттары Өзбекстандын бардык аймактарында муктаж болгон беш миң аялга бөлүштүрүлдү “, – деп билдирди фонд.

“Ушул коопсуз жана өз убагында берилген жардам оор күндөрдө көңүлү чөккөндөргө үмүт, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жылуу мамиле, кубаныч жана жылмаюу тартууласын – ыйык Рамазан жакшылык жана кайрымдуулук айы”, – деп түшүндүрдү Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева .

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: