Учурда Кыргызстанда үй карантинде 29 миң 827 адам жайгашкан. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде коронавируска каршы күрөшүү боюнча ремпубликалык штаб билдирди.
Маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө 47 179 адам үй карантининен чыгарылган. Байкоо жүргүзүү үчүн бүткүл республика боюнча 256 мобилдүү бригада тартылган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 656 учуру аныкталган. Анын ичинен 322 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 8 жаран коронавирустан улам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ